20-июндан баштап Биринчи май районунда батуттарга тыюу салынат
RU

20-июндан баштап Биринчи май районунда батуттарга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 20-июнунан баштап Биринчи май районундагы сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда ж.б жерлерде батуттарды колдонууга толук тыюу салынат.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-б "Белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө" буйругуна ылайык жүргүзүлөт.

Шаар мэриясы бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугу үчүн экенин эскертет. Анткени батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотуу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6987