Эчкисин куткарам деп өзү крокодилге жем болгон
RU

Эчкисин куткарам деп өзү крокодилге жем болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индиянын айылдарынын биринде эчкини куткарууга аракет кылган койчуну крокодил тиштеп өлтүргөн. Бул тууралуу TIMEs of India басылмасы билдирди.

Окуя малчы Пунжа Паги дарыянын жээгинде эчки карап жүргөндө болгону айтылат. Күтүлбөгөн жерден крокодил кол салып, эчкини сүйрөп кетүүгө аракет кылган. Койчу аны сактап калууга шашкан.

Ошол учурда крокодил жаныбарды коё берип, койчунун өзүн тиштеп сууга сүйрөп кирген. Натыйжада адам оор жаракат алып, каза болгон. Анын сөөгү кийин дарыядан табылган.

Буга чейин да Индиянын Кендрапара шаарына жакын жердеги фермада чоң крокодил аялды тишеп өлтүргөнү, кийин бадалдардын арасынан жарым-жартылай сөөгү табылганы маалымдалган. Индиялык аял дарыянын жээгинде жайгашкан үйүнүн короосундагы жашылчаларды сугарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6988