"Яндекс кетсин". Бишкек таксисттери сервиске каршы акцияга чыгышты
RU

"Яндекс кетсин". Бишкек таксисттери сервиске каршы акцияга чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-февралда Бишкектин таксисттери "Яндекс.Такси" сервисине каршы акцияга чыгышты.

Алардын айтымында, сервистин пайыздары өтө бийик, ошондой эле "Яндекс.Такси" мамлекетке салык төлөбөйт.

"Биз баарыбыз "Яндекс.Таксиде" иштегенбиз. Кыргызстанда мындай сервис бар экенине каршыбыз. Сервисте иштеген таксисттердин өзү мындай саясатка каршы", - дейт.

Ошондой эле, акцияга чыккандар "Яндекс.Таксини" монополист деп, тарифти көтөрүшкөнүн айтышты. "Бирок бул акча таксисттердин капчыгына түшпөйт, аны сервис өзүнө алат. Күн сайын эртең менен тарифти өзгөртүп, айдоочуларды да кардарларды да алдашат", - дешти.

"Яндекс.Такси" расмий түрдө катталбагандыктан мамлекеттик бюджетке эч кандай салым кошпогонун да билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/700