Патрулдук кызмат Тазабек Икрамовго айып пул салды (видео)
RU

Патрулдук кызмат Тазабек Икрамовго айып пул салды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 1000 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Патрулдук кызмат мыйзам депутаттардын кол тийбестигин кепилдей турганын, бирок Икрамов мыйзамды сыйлаган жаран катары күнөөсүн жана жоопкерчилигин мойнуна алганын белгиледи. Депутатка 1000 сом айып салынып, протокол түзүлдү.

Эске салсак, буга чейин Тазабек Икрамов унаа айдап баратып Super.TV телеканалына маек берген. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7015