"Барбарис" конфеттерин сүйүүчүлөрү үчүн кайгылуу кабар
RU

"Барбарис" конфеттерин сүйүүчүлөрү үчүн кайгылуу кабар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Лотте Рахат" фабрикасынын башкармасынын төрагасы Константин Федорец фабриканын 80 жылдыгына арналган маалымат жыйынында "Барбарис" жана ирис конфеттерин өндүрүү токтотулганын билдирди.

Компания бул чечимди айтылуу таттууларды өндүрүү кантты көп талап кылары менен түшүндүрдү.

"Учурда "Барбарис" жана ирис чыгарбайбыз, бул азыктарга суроо-талап жогору болгону менен алар кантты көп талап кылат. Биз курамында кант көп бардык азыктардан баш тартып жатабыз, анткени кант жок. Азырынча июль айына чейин токтоттук. Июль айында канттын жеткирилиши күтүлүүдө, анан кайра ишти улантабыз", - деди төрага.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7032