Call-борбор: Бишкекте жүргүнчүлөрү менен бараткан маршрутка оодарылып кетти
RU

Call-борбор: Бишкекте жүргүнчүлөрү менен бараткан маршрутка оодарылып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Дружба жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрү менен бараткан №212 маршрутка кырсыктын кесепетинен оодарылып кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Окуя бүгүн, 12-июнда саат 12:20лар чамасында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Лексус кичи автобуска негизги жолду бошотуп бербей койгон, мындан улам маршрутка айдоочусу кагылышуудан качууга аракет кылып, оодарылып, башка унааны сүзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7043