Валентина Шевченко UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койду
RU

Валентина Шевченко UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койду. Бул тууралуу MMA Fighting порталы билдирди.

Маалыматта Валентина UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында чемпиондук титулун эң көп коргогон мушкер аталганы айтылат.

Бул рекордун кечээ, 12-июнда Сингапурда өткөн UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңгенден кийин жараткан.

Эскерте кетсек, буга чейин чемпиондук курун алты ирет сактаган Ронда Роузи рекордсмен болуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7047