Кезектеги митинг. Аларга Эдил Байсалов чыкты (сүрөт)
RU

Кезектеги митинг. Аларга Эдил Байсалов чыкты (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн жанында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды үй менен камсыз кылуу талабы менен митингге чыгышты.

"Биз турак-жай бөлүнүп берилсин деген талап менен митингге чыктык. 30 жылдан бери бизге эч ким такыр көңүл бурган эмес. Мыйзам иштебейт. Негизи мыйзам боюнча бизге батир же жер тилкеси бөлүнүп берилиши керек эле. Ижарага алып жүрөбүз", - деди митингдин катышуучуларынын бири Kaktus.mediaга.

Митингчилерге министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту көзөмөлдөгөн орун басары Эдил Байсалов чыкты.

Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп жатат.

"Биз министрлер кабинетине келгенде "социалдык турак жай" деген түшүнүктүн өзү Турак жай кодексинде да, эч кандай планда да, жободо да жок экенин аныктадык. Майыптарды, жетимдерди жөн эле унутуп коюшкан. Учурдагы жетекчилик муктаж болгондорго үй-жайды кайрымдуулук иретинде эмес, мезгил-мезгили менен системалуу түрдө берип турууну камсыз кылуу талабын коюп жатат. Бул эң маанилүү артыкчылыктардын бири. Бирок, кеп мыйзамда гана эмес, мамлекеттин каражаты болушу ага саясий эрк да керек. Ошондуктан салыктарды жана төлөмдөрдү толук чогултуу абдан маанилүү. Бул акча атайын элге, медицинага, билим берүүгө, социалдык муктаждыктарга, анын ичинде турак-жайга кетет", - деди Байсалов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7052