Акылбек Жапаров ККМ тууралуу: Убактылуу айып пул салуу токтотулат
RU

Акылбек Жапаров ККМ тууралуу: Убактылуу айып пул салуу токтотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ККМге каршы митингдин катышуучуларына министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чыгып бул маселе боюнча соодагерлер менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

"Келгиле макулдашып алалы. Патент үчүн акча төлөгөнгө даярбыз деп жатасыңар. Жумушчу топ уюштургула, 10 күн иштейбиз. Патент боюнча иш алып баруу маселесин карайбыз. Эсеп-фактуранын кереги жок. Аны талап кылып жатабыз. Өндүрүүчүлөр сиздерге эсеп-дүмүрчөктү көрсөтүшү керек", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле текшерүүчү аппараттан өтпөгөн товарларга айып пул салуу токтотуларын убада кылды.

"Биз чечим кабыл алмайынча баары убактылуу токтойт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7053