Чач тарачтын Жапаровго берген суроосу митинчилерди күлдүрдү. Видео
RU

Чач тарачтын Жапаровго берген суроосу митинчилерди күлдүрдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-июнда ККМге каршы митингде өзүн чач тарачмын деп тааныштырган айым министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдон чач тарачка ККМдин эмне кереги бар экенин сурады.

Министрлер кабинетинин башчысы чач тарачтарга ККМди колдонуунун кереги жок деп жооп берди.

"Анда эмнеге мага касса аппаратын койдуңар, айтыңызчы? Ишенбесеңиз, мына караңыз Ушул керекпи? Бир күнү менин кардарларым бар, эки кызматкерим Россияга кетип жатат, мага мунун кереги деле жок. Кара-Балтада 50 чач тарач бар, он киши ККМге өттү, 40ы өткөн жок. Ушуга мага жооп бериңизчи",- деди чач тарач.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7056