Үстүнө бак кулаган кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды "Бишкекзеленхоз" төлөйт
RU

Үстүнө бак кулаган кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды "Бишкекзеленхоз" төлөйт

Все самое интересное в Telegram

"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасы бак басып калган кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды төлөп берүүнү убадалады. Эске салсак, окуя бүгүн, 13-июнда Абдрахманова жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Дарак катуу шамалдан улам кулаган.

"Буга чейин "Бишкекзеленхоз" ишканасынын кызматкерлери куурап калган бак-дарактарды кыйып жок кылуу иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, унаалар токтоп турган аймактын тыгынынан улам ишкананын атайын техникасы теректи ошол жерден толук алып кете алган эмес.

Ишкананын жетекчилиги жабыркаган кыздын ата-энеси менен жолугушту. Дарылоону ишкана төлөйт. Ата-энелердин эч кандай доосу жок", - деп билдирди "Бишкекзеленхоз".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7063