Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду
RU

Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн,14-июнунда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Саат 06:50 - 07:00 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Кех" чек ара заставасы тараптан Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасын көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик посту тарапка ок чыгарган.

Билдирүүдө, Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшкөнү, окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишкени айтылат.

Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок чыгарган. Саат 8:10до атышуу токтогон

Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7067