Камчыбек Ташиев Казакпаевдин кыйноолорго туш болгонун четке какты
RU

Камчыбек Ташиев Казакпаевдин кыйноолорго туш болгонун четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу "Новые лица" порталына комментарий берди.

Төрага маркум Марат Казакпаев УКМКнын дарыгерлеринин текшерүүсүнөн кайра-кайра өтүп, дарыларын өз убагында алып турганын билдирди.

"9-июнь күнү эртең менен Казакпаевдин ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу СИЗОнун жетекчилиги тез жардам кызматын чакырган. Ал Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган, эртеси ошол жерден каза болду. Биз анын ден соолугуна көз салып келгенбиз. 9-июнь күнү саат 07:30да СИЗОнун башчысы чуркап келип, Казакпаевдин абалы начарлап баратканын айтты.Тактап айтканда, СИЗОдо отургандардын ар биринин ден соолугунун абалы боюнча күнүгө эртең менен мага кабарлап турушат. Мен аны заматта ооруканага жөнөтүүнү тапшырмасын бердим. Дароо тез жардам чакырылып, ооруканага жөнөтүлдү", - деди Ташиев.

Ташиев Казакпаевдин жакындарынын, анын кыйноолорго жана коркутууларга туш болгондугу тууралуу айткандарын четке какты.

"Казакпаевге карата кандайдыр бир кыйноо колдонулган деген жалган. Мындай болгон эмес жана болбойт. Сот мурдагы жогорку кызматтагы адамдарды камакка алуу чечимин чыгарганда дагы, бардык ишкерлер, мурдагы бийлик өкүлдөрү биздин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырууну суранышат, анткени бул жерде эч кимге эч качан басым жасалбайт", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7071