СИЗОдо отурган Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп кетти
RU

СИЗОдо отурган Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-июнда СИЗОдо отурган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлө баштаган. Анын жактоочусу Кайсын Абакиров буга ысык аба-ырайы себеп болушу мүмкүн деди.

Кайсын Абакиров Kaktus.media сайтына билдиргендей, бүгүн, 14-июнда СИЗОнун кызматкерлери Алымкадыр Бейшеналиевге медициналык кароо уюштурууга убада беришкен. Бирок, жактоочу медициналык кароо саат канчада жана кайда болорун билбейт.

Жактоочу анын кардары жүрөгүнө операция жасаткандан кийин, тактап айтканда 2016-жылдан бери диспансердик каттоодо турарын, гипертония оорусу менен жабыркап келгендиктен, аны СИЗОдо кармоо мүмкүн эместигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7076