Күйөрмандар эреже бузса Кыргызстан жоопко тартылышы мүмкүн! Кайсы эрежелерди сакташ керек?
RU

Күйөрмандар эреже бузса Кыргызстан жоопко тартылышы мүмкүн! Кайсы эрежелерди сакташ керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз сегментинин социалдык тармактарында күтүүсүз жагдайлар жаралышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Жада калса беттешти күйөрмандарсыз өткөрүү сунуштары да болгон.

"Биз бардык күйөрмандарды, эгерде алар биздин команданы чындап сүйсө, жылуу мамилеси менен колдоого жана чыныгы патриоттуулукту көрсөтүүгө чакырабыз. Эгерде жарандарыбыз ден-соолукка зыян келтирүүчү атмосфераны түзүшсө, анда Кыргызстан АФКнын эрежелерин сактабаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн", - деп белгилешти федерациядан.

ТӨМӨНДӨГҮ ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТООГО ЧАКЫРАБЫЗ!

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, күйөрмандарга төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

  • диндик, расалык, этникалык жана улуттук конфликтти козуткан, иш-чара катышуучуларын, күйөрмандарды мазактаган жазуу жана символдорду алып келүү;
  • бат тутанган, уулуу, жардыруучу заттар, пиротехникалык, учтуу жана кесүүчү нерселер, ок атуучу курал, чоң сумка, портфель, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;
  • стадионго мас абалда келүү, алкоголдук ичимдиктерди алып келүү, ичүү, спорттук комплексте тамеки чегүүгө;
  • оюнга катышуучуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытуу;
  • оюн талаасына чыгуу, машыктыруучулар, калыстар, жана оюнчуларга ылайыкталган бөлмөлөргө кирүүгө;
  • тепкич, өтмөк, отургуч, люк, дубалдарга, тосмо жана тирөөчтөргө секирүүгө

Көрөрмандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

✅билет менен стадионго кирүү;

✅уюштуруучулар бекиткен стадиондогу коомдук тартипти, кызматтарды колдонуу;

✅эрежеге ылайык келген колдоо үчүн керектүү чакырыктарды стадиондо колдонуу;

✅фото жана видеотартууларды профессионалдык эмес түзмөктөр аркылуу колдонуу жана аларды коммерциялык эмес максатта колдонуу;

✅стадиондо сатып алынган пластмассалык же кагаз стакандардагы алкоголдук эмес суусундук жана тамак-аштар.

ЭРЕЖЕНИ САКТАБАГАН КҮЙӨРМАН СТАДИОНДОН ЧЫГАРЫЛАТ!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7081