Кыргыз-тажик чегинде абал салыштырмалуу туруктуу
RU

Кыргыз-тажик чегинде абал салыштырмалуу туруктуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 15-июну саат 10.30гө карата Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө түн тынч өткөнү, эч кандай терс окуялар, чыр-чатактар катталбаганы айтылат.

Кечээ, эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Тараптардын чек ара заставаларынын башчыларына кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

Эске сала кетсек, кечээ саат 06:50 - 07:00 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Кех" чек ара заставасы тараптан Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасын көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик посту тарапка ок чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7089