Депутат Эрулан Кокулов Гүлзат Мамытбектин боштондукка чыкканына ачууланды
RU

Депутат Эрулан Кокулов Гүлзат Мамытбектин боштондукка чыкканына ачууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эрулан Кокулов алдамчылык боюнча айыпталган Гүлзат Мамытбекти сот эмне үчүн бошотуп жибергенине кызыкты.

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында, депутат ага карата журналисттик иликтөө жүргүзгөнүн билдирди.

"Ал 2020-жылы жүрөгүнө опреация боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп алып туруп качып кеткен. Эки пенсионер адамдын квартирага чогултуп жүргөн акчасын алып, Москвага качып кеткен. Ошол кыз кечээ күнү соттон бошотулуп, азыр кайра концерт коюп, бийлеп,ойноп, жарнама берип жүрөт. Кыргызстан афериттердин өлкөсү болуп калдыбы?"- деп ачууланды Кокулов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7091