Атазовго каршы митингге чыккандардын плакаттарын айрып салышты. Видео
RU

Атазовго каршы митингге чыккандардын плакаттарын айрып салышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аялдардын укугун коргоп чыккан митингчилерди улуттук кийимчен бир нече аялдар үзгүлтүккө учуратышты.

Катышуучулардын алдына депутат Шайлообек Атазов чыгып, митингчилер "он адам" болсо анын шайлоочулары "миңден ашык" экенин, алар да келе алаарын айтты.

Бирок депутатка сөз бербей, "мандатты тапшыр", "уят!" деп кыйкырып туруп алышкан. Ушул учурда Атазовду колдогон улуттук кийимчен бир нече аялдар келип, "мамлекетти шерменде кылган дал ушул митингчилер, ал эми Атазовго окшогондор мамлекеттин тагдырын чечет" деп митингчилерге каршы чыгышкан.

Атазов журналисттерге жооп берип жатканда анын артында "Атазов, мандатты тапшыр", "Атазов, ПНХ!" деген плакаттарды көтөрүп эки катышуучу турушту. Бирок алардын жанына эки киши келип, плакаттарды айрып кетишкен.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди ата-энеси менен же турмушка чыккандан кийин гана чет өлкөгө чыгарууну сунуштаган. Бул билдирүү коомдо резонанс жаратты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7093