Вероника Исаева мыйзам долбоорун кыргыз тилинде сунуштады (видео)
RU

Вероника Исаева мыйзам долбоорун кыргыз тилинде сунуштады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева мыйзам долбоорун кыргыз тилинде сунуштады.

Анын айтымында, мыйзам долбоору бир тараптан Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып баруучу убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоону карайт.

Исаева документте Ирандан товарларды алып келүүдө да, экспорттоодо да жеңилдиктер каралганын белгиледи. Тагыраагы кээ бир алымдар нөлгө түшүрүлгөн, кээ бирлери төмөндөтүлгөн.

Сөзүнүн аягында министрдин орун басары кыргыз тилин билбегендигин, ошондуктан орус тилинде суроолорду берүүнү өтүндү.

Бирок депутаттардан суроо болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7098