Бишкекте курула турчу жаңы стадиондун сүрөтү жана видеосу
RU

Бишкекте курула турчу жаңы стадиондун сүрөтү жана видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппарат Бишкекте курулушу пландалып жаткан жаңы стадиондун концепциясы боюнча фото жана видеолорду жарыялады.

Буга чейин Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкекке жаңы стадиондун курулушу ушул жылдын август айында башталаары маалымдалган. Борбордун түштүк-батыш тарабында 22,5 миң кишиге ылайыкталган заманбап спорт аянтчасы курулат.

Курулушту бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар европалык компания жүргүзөт. Долбоор негизинен европалык инвестициянын эсебинен каржыланат. Курулуштун болжолдуу мөөнөтү эки жыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7103