Кыргызстанда бирдиктүү мектеп формасын киргизүү сунушталды
RU

Кыргызстанда бирдиктүү мектеп формасын киргизүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш депутаттары бирдиктүү мектеп формасын киргизүүнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Исатбек кызы Аида, Г.Култаева, Л.Лурова, Г.Кожокулова.

Эл өкүлдөрүнүн пикири боюнча, бирдиктүү форма сатып алуу окуу жылында кийим-кечеге кеткен чыгымды кыйла азайтып, колунда жок үй-бүлөнүн балдарында комплексти пайда кылбайт. Ошондой эле, мектеп формасын киргизүү окуучулардын бир команда болуп биригишине жардам берет.

Белгилей кетчү нерсе, окуучуларынын бирдиктүү форма кийүүсүнө алардын ата-энелери жооптуу болот деп болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7104