Алымкадыр Бейшеналиев абактан бошотулду
RU

Алымкадыр Бейшеналиев абактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиев СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу редакцияга жактоочу Рустам Исаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Бейшеналиевди камактан бошотту. Анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата жети кылмыш иши тергелип жатат. 2-июндан бери ал УКМКнын СИЗОсунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7105