Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев билдирди.

Булак-Башыда болуп өткөн окуядан соң эки күндөн бери чек арада кырдаал курчуп турган.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаңжал чечилди. Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары азыркы учурда калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аскердик күчтөр алынды, абал туруктуу", - дейт Абдыкерим Алимбаев.

Эскерте кетсек, 14-июнь күнү Булак-Башы аймагында тажик тарабынан ок атуу болгон. Кыргыз чек ара кызматкерлери да жооптуу ок чыгарган.

Чек арачылар согуштук позицияга өтүп, абал тынчыган, бирок кийинчерээк тажик тарап миномет жана гранатометтордон атуу баштаган. Ок атуулар токтотулуп, тараптар сүйлөшүүлөрдү баштаган, ага карабастан кырдаал турукташкан эмес. Тажик тараптан бир өлүм катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7113