Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азияны өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу тууралуу
RU

Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азияны өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мен Борбордук Азия Университетинин (БАУ) бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанды эле эмес, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүн өнүктүрүүгө маанилуү салым кошо алат деп ишенем", - Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БАУнун 2022-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн Нарын шаарында өткөн салтанаттуу аземине катышып жатып өз сөзүндө ушундай деп баса белгилеп өттү.

2022-жылдын 18-июнь күнү Теңир-Тоо менен Памирдин көк тиреген тоолорунун койнунда Нарын жана Хорог шаарларында жайгашкан кампустардагы диплом тапшыруу салтанаттуу аземинде студенттерди академиялык жетишкендиктери менен куттуктоо жана келечекте ийгиликтерди каалоо үчүн ата-энелер, окутуучулар жана көптөгөн сыйлуу меймандар чогулушту.

Өткөн жылы БАУнун тарыхый биринчи бүтүрүүчүлөрү чыккан соң, көз ачып жумганча экинчи бүтүрүүчүлөр үчүн да мезгил учкан куштай билинбей өтүп кетти. Борбордук Азиянын бай маданий салттарын даңазалаган көздүн жоосун алган көркөм оймо-чиймелерди чагылдырган салтанаттуу кийимдерин сыймыктануу менен кийишкен бүтүрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулардын астында өз дипломдорун алуу үчүн көпчүлүктүн арасынан орун алышты.

Аталган диплом тапшыруу боюнча салтанаттуу аземде чыгып куттуктоо сөздөрүн сүйлөгөн көптөгөн ардактуу коноктордун арасында Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мырза дагы катышып, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: "Мен Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын эле эмес, ошондой эле анын чегинен чыгып башка баардык аймактарда да өнүктүрүүгө маанилуү салым кошо алат деп ишенем".

БАУнун Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү болуп эсептелген ханбийке Захра Ага Хан Канцлер Улуу даражалуу Ага Хандын атынан бүтүрүүчүлөргө куттуктоо үчүн атайын кайрылуу жасады. Ал климаттын өзгөрүшү тууралуу да глобалдык көйгөлөрдү белгилеп, аларды чечүү жана алдын ала адаптациялык чараларды көрүү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде жайылтуунун зарылдыгын айтты:

"БАУ тарабынан "Жер жана курчап турган чөйрө илимдери" адистигинин берилип жатышы дал ушул климаттын өзгөрүшүнүн жалпы планета сыяктуу эле Борбордук Азияга да таасири тийип жатканына байланыштуу. Бул кейиштүү турмуштун чындыгы БАУнун студенттери үчүн бир нече кесепеттерди алып келет. Баарыдан мурда бул силердин күнүмдүк жашоо-тиричилигиңерге жана үй-бүлөңөргө таасирин тийгизет. Бул силердин тамак-ашты кантип даярдап жана бөлүштүрүп жатканыңарды, ресурстарга болгон мамилеңерди жана келечекте өзүңөрдүн үйүңөрдү кантип кура турганыңарды өзгөртүүгө мажбур кылат. Ошондой эле жакынкы 10 жыл ичинде көптөгөн жаңы иш орундарын түзүүгө жана жаңы кесиптердин чыгышына түрткү бериши ыктымал".

БАУнун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы, доктор Шамш Кассим-Лакха кесиптик ийгиликке жетүүдөгү адамдардын ортосундагы баарлашуу көндүмдөрүнүн бараандуу ордун айтып төмөнкүдөй кошумчалады: "Силер алган билим маданияттар менен улуттарды бириктирүү үчүн плюралисттик ой жүгүртүүгө тарбиялоо, силерди жоопкерчиликтүү жарандыкка, ошондой эле этикалык жана агартуучулук башкаруучулукка ээ кылуу эле; логикалык жана сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүү болчу. Кыскасын айтканда, силерге өзүңөр тандап ала турган карьерада лидер болууга көмөктөшө турган ресурстар мүмкүн болушунча биз тараптан камсыз кылынды".

БАУнун ректору, профессор Сохаил Накви студенттер менен алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирип жатып, Канцлердин турмушка ашкан ой-кыялдарын актоо менен бирге, бүтүрүүчүлөр айыл жергесиндеги коомчулуктун муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн жакындан баамдап түшүнүүгө кылган аракеттерин мактап өттү.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун губернатору Алишер Мирзонабот мырза БАУнун студенттерине берип жаткан билим берүүсүнүн жогорку деңгээлине баалап, ошол эле учурда үзгүлтүксүз билим берүүнүн да маанилүүлүгүнө да басым жасады.

Борбордук Азия Университети менен Нарын облусунун жемиштүү кызматташуусу тууралу кеп кылып жатып, КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев азыркы учурда жайылтылып жаткан "Акылдуу шаар", Нарын шаарынын Башкы планы сыяктуу, ошондой эле Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып жаткан Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү долбоору аркылуу Нарын жергесинин жашоо-шартын жакшыртууну максат кылган маанилүү долбоорлорго жогорку баасын берди.

2022-жылдын мыкты бүтүрүүчүсү Сумайно Шакарбекова куттуктоо сөзүндө Улуу даражалуу Ага Ханга, университеттин жетекчилигине, окутуучуларга дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүгө түзүп берген мүмкүнчүлүктөр үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал Тоолуу Бадахшан облусунун алыскы Ишкашим районунда өскөнү тууралуу таржымалын айтып, кыздардын кыялдарынын ишке ашыруусу кыйын экенин баяндады. Бирок ошондой кыйынчылыктарга карабастан ал өз кыялынын орундалганын жана кыштакта башкалар жетпеген ийгиликтерге кантип жеткенин айтып берди.

Толук маалымат алуу үчүн:

Борбордук Азия Университети

  • Тел: +996 (312) 910 822
  • Электрондук почта: [email protected]
  • Website: www.ucentralasia.org/ru
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7126