Эртеңки күндүн аба ырайы
RU

Эртеңки күндүн аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7134