Казакстанда Аскар Акаев менен Майрам Акаеваны кантип тосуп алышты (сүрөт)
RU

Казакстанда Аскар Акаев менен Майрам Акаеваны кантип тосуп алышты (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 19-июнда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде болду. Ал ардактуу конок катары "Байыркы доорлордон берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги" деген темада лекция окуду.

Университеттин ректору Жансейит Түймебаев Аскар Акаевдин илимдин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгилеген.

Ректор А.Акаевге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университеттин ардактуу профессору наамын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Андан сырткары Акаев Казакстандын маданият жана илим ишмерлери менен жолугушту.

Сапарда аны жубайы Майрам Акаева коштоп жүргөн.

21-июнда Аскар Акаевдин "Санариптик экономика (моделдер жана божомолдор)" деген темада экинчи лекциясы өтүп, анда ал санариптик экономиканын азыркы абалы жана келечеги тууралуу көз карашы менен бөлүшүп, ошондой эле өзүнүн долбоорлору жана изилдөөлөрү тууралуу айтып берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7147