27 июнда мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды
RU

27 июнда мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-июнда саат 9:00дөн баштап мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды.

Бул мезгилден баштап ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылат.

Буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек. Ал эми "Мектепке электрондук кабыл алуу" АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эскерте кетсек, каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.

Техникалык колдоо номерлери: +996 (312) 98 89 40, 119

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7182