Абу-Дабини башкарган шейхтер Кыргызстанга учуп келди (сүрөт)
RU

Абу-Дабини башкарган шейхтер Кыргызстанга учуп келди (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкер Жоодар Сайдилкан өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстанга Абу-Дабини башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрү келгенин жазды. Шейх Сурур бин Мухаммед аль Нахайян менен шейх Заид аль Нахайян иш сапарынын алкагында учуп келишкен.

"Силерди өзүмдүн кооз өлкөмдө кабыл алуу мен үчүн чоң сыймык. Албетте, иш сапарыңар БАЭ менен биздин өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдап, туризимди өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Чакырууну кабыл алганыңыз үчүн рахмат", - деп билдирүү калтырган ишкер.

Эске сала кетсек, шейх Сурур бин Мухаммед аль Нахайян Абу-Дабини башкарган үй-бүлөнүн мүчөсү, БАЭнин ири бизнесмендеринин бири, "Etihad Towers" көп функционалдуу комплексинин ээси, "First Abu Dhabi Bank" банкынын акционери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7183