Даараткана кагазы, "задний проход". Жусупбек Коргонбай уулунун дагы башка сунуштары
RU

Даараткана кагазы, "задний проход". Жусупбек Коргонбай уулунун дагы башка сунуштары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу бүгүн жыйындагы сөзү менен депутаттарды күлдүрдү. Ал казиного Кыргызстандык жарандар "задний проходдон" кирип кетсе чатак болот" деп айткан. Буга улай анын башка дагы сунуштарын эске салабыз.

Даараткана кагазы

Коргонбай уулу ЖКнын VII чакырылыштын биринчи эле жыйынында эмнелерге нааразы болгонун айткан.

"Түштөнүү үчүн ашканага барганда жакшы тамагы жок, дааратканасында кагазы жок. Бул эмне деген Ак Үй? Биз биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер чарбалык, Ак Үйдүн ичиндеги иштерибиз ушундай болсо, мамлекеттин акыбалы эртең кандай болот? Мени анча-мынча кишилер кечирип коюшсун бирок айтууга туура келип жатат", - деген ал.

Андан сырткары ал Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраак айтканда депутаттардын эс алуусун узартууну. Бирок, кийин кайрадан мындай сунушту мен киргизген эмесмин деп четке каккан.

"Бизди жагалданат дебегиле башкача сүйлөшүп калабыз"

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Депутаттар да эки жаатка бөлүнүшкөн. Ошондо Коргонбай уулу Ташиевди "элдик генерал" деп атаган.

"Элдик генерал экени чын эмеспи, муну менен башкаларга жагынат (подхалим) дегендин кереги жок, антпесе дагы башкача сүйлөшүп калабыз", - деген ал.

Кийинчерээк кайра бул айткан сөзүн башкача түшүндүрүп берген.

"Ошол жыйында Ташиевдин сындап эле койбой, анын жакшы иштери тууралуу сөз кылуу керек болчу. Парламенттеги ызы-чуу демократиянын элементи эмеспи? Мен Ташиевдин пайдалуу жана жакшы иштерин белгилеп коюуга чакыргам. Ар бир адамдын өзүнүн артыкчылыгы бар", - деп жазган депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7198