Балдар жылаңач эшикке чыгарылган. Бала бакчада өрт чыкты
RU

Балдар жылаңач эшикке чыгарылган. Бала бакчада өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бала бакчанын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Имарат М.Фрунзе жана К.Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бул жерде "Дастан" бала бакчасы болгон.

Өрттү өчүрүүгө Биринчи Май, Свердлов жана Октябрь райондорунан 3 бөлүм тартылып, саат 13:06да өрт өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эч ким жабыркаган эмес. Кошумча маалымат берилээрин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7209