Жапаров жаш спортчуга айлыгынан 50 миң сом берди
RU

Жапаров жаш спортчуга айлыгынан 50 миң сом берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпиону, 9-класстын окуучусу Элина Бакытовага Азия чемпионатына катышуу үчүн каражат керек болгон.

Бул тууралуу Интернационал айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылышына келген Акылбек Жапаровго билдиришкен.

Көп өтпөй, министрлер кабинетинин төрагасы Элина менен жолукту.

Жапаров жаш спортчуга министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана өзүнүн айлыгынан 50 миң сом берип, ийгиликтерди каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7225