Акылбек Жапаров ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын стратегиялык максаттары менен таанышты
RU

Акылбек Жапаров ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын стратегиялык максаттары менен таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын операторунун иши менен таанышып чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен бирге ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасынын оператору – Банктар аралык процессинг борбору ЖАКтын (мындан ары – ЖАК) иши менен кеңири маалым алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКта иш сапары менен болуп, анын жүрүшүндө Улуттук ЭЛКАРТ системасынын төлөм карттар индустриясынын эл аралык коопсуздук стандарттарына толук жооп берген материалдык техникалык базасы менен таанышып, Кыргыз Республикасыныны төлөм системасынын учурдагы абалы боюнча кеңири маалым алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Делегация мүчөлөрүнө:

  • финансы рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүүнү тездетүү,
  • нак эмес төлөмдөр үлүшүн арттыруу;
  • калайык-калктын финанасылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу шартын алда канча жеңилдетүү;

мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатын көздөгөн келечектүү долбоорлор боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү адистердин күч-аракети менен иштелип чыккан, телефон аркылуу(NFC функциясы менен) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө ыңгайлуулугун сунуштаган ЭЛКАРТ PAY долбоорунун, ошондой эле улуттук стандарттагы, өлкөнүн бүтүндөй аймагы боюнча мобилдик төлөм тиркемелерин колдонуучуларды бирдиктүү системага бириктирген QR-кодун колдонуу менен нак эмес төлөмдөрдү ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзгөн Өз ара ара иш алып баруу оператору долбоорунун баалуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле, жеке ишкерлер жана чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн каралган ЭЛКАРТ Трейд мобилдик тиркемесине жогору баа берип, өлкө экономикасынын өнүгүшүндө ал олуттуу мааниге экендигин баса көрсөттү. QR-кодун колдонуу менен нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жана фискалык маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүү функциясын кошумчалоо максатында анын жеткире иштелип чыгып, талапка ылайык келтирилиши көмүскө экономика көлөмүн кыскартуу жагында мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун таасирдүү инструментинен болуп калаары айтылды.

Ошондой эле, Евразия экономикалык бирлигине катышуучу өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракетин консолидациялоону эске алуу менен Минисрлер кабинентинин башчысы Улуттук банктын жана Банктар аралык процессинг борборунун жетекчилерине Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү ыкчам өткөрүү системасын түзүү жана төлөмдөрдү өткөрүү, финансылык маалыматтарды өз учунуда жөнөтүү, төлөм системаларынын өз ара иш алып барып, интеграцияланышы шарттарын кошо алганда, заманбап финансылык технологияларды колдонуу менен бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүүнү, ошондой эле ЕАЭС алкагында технологиялык стандарттарды бир түргө келтирип гармонизациялоо шарттарын караштырууну тапшырды.

Банктар аралык процессинг борборунун иш жагдай менен таанышып чыккандан кийин Министрлер кабинетинин башчысы өз кезегинде борбордун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө жогору баа берип, өлкөнүн төлөм рыногу үчүн аталган борбор сунуштап жаткан кызмат көрсөтүүлөр, продукттардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Министрлер кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Улуттук ЭЛКАРТ төлөм системасына инновациялык жана келечекти көздөгөн маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып, аларды андан ары натыйжалуу өздөштүрүүчү үчүн колдоо көрсөтүлө тургандыгын белгилеп өттү.

"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан 2015-жылдын 12-майында алган №2001120515, 2020-жылдын 20-февралындагы № 3030200220 лицензиялардын негизинде төлөм системасынын жана төлөм уюмдарынын операторунун ишин жүзөгө ашырып келет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан биргелешип иш алып баруу оператору катары каттоодон өткөн (2020-жылдын 28-февралында № 6001280220.).

Суроолор болсо +996 (312) 637696 / +996 (550) 99-05-14 / +996 (701) 00-27-20 / +996 (772) 02-81-08 жана Telegram-бот https://t.me/Elkartbot телефон номерине кайрылып, тактап алууну өтүнөбүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7239