Аялын муунтуп өлтүрүп, үйдүн короосуна көмүп салган
RU

Аялын муунтуп өлтүрүп, үйдүн короосуна көмүп салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак районунда жергиликтүү тургун кызганычтан улам аялын сабап, муунтуп өлтүрүп, андан соң сөөгүн үйдүн короосуна көмүп салган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 23-июнь күнү саат 21:40та Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун Б., телефон чалып, аялын уруп өлтүргөнүн билдирген. Киров айылынын 31 жаштагы тургуну 22-июндан 23-июнга караган түнү кызганычтын айынан 25 жаштагы аялын колу менен муунтуп, андан соң үйдүн короосуна көмүп салганы аныкталган.

Короонун түштүк-батыш тарабында аялдын жансыз денеси табылып, андан соң алар соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн адистерге өткөрүлүп берилди.

Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн өзү Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7249