Манасчылар 4488 метр бийиктикте манас айтышты. Видео
RU

Манасчылар 4488 метр бийиктикте манас айтышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манасчылар альпинисттер менен чогуу Талас облусунун Кара-Буура районунунда жайгашкан "Манас" чокусуна чыгып баян айтышты.

Манасчы Төлөбек Муса чокуга чыгуу оңойго турбаганын айтты.

"Чокуга чыкканда оозума сала бердиби, айтоор атайын төлгө кылып "Семетейдин Таласка келишинен" жети мүнөт айтыптырбыз. Чайыттай ачылып турган күн Манас айтылып жатканда күн бүркөлүп ак карга айланып, угуп жаткан альпинисттер көздөрүнө жаш алганы өзгөчө белги болду", - деди манасчы.

Аталган чокунун бийиктиги 4488 метр. "Кыргыз альпинизм федерациясынын" чечими менен манасчылар чыккан бул жол "Эпос" деп аталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7261