Кыргызстан боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт. Катуу шамал болуп, кар жаайт
RU

Кыргызстан боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт. Катуу шамал болуп, кар жаайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шашылыш билдирүү

20-февралдан 23-февралга чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-23-февралдарда абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,

23-24-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2021-жылдын 17-февралынан 19-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бишкек

19-февраль, жума

Түнкүсүн +6...+8 °C, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с болуп 15-20 м/с чейин жетет.

Күндүз +22...+24 °C, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с болуп 15-20 м/с чейин жетет.

20-февраль, ишемби

Түнкүсүн +2...+4 °C, жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Күндүз +6...+8 °C, жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9.

21-февраль, жекшемби

Түнкүсүн 0...+2 °C, жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Күндүз +4...+6 °C, жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

22-февраль, дүйшөмбү

Түнкүсүн 0...-2 °C, жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Күндүз +2...+4 °C, жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

23-февраль, шейшемби

Түнкүсүн -1...-3 °C, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Күндүз +3...+5 °C, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

24-25 февраларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

24-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

19-23-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

19-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-22-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-февралда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы

19-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-февралда эртең менен жана күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

21-23-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этекетринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-февралда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

19-20-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-февралда күндүз жана 22-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-февралда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-февралда күндүз жана 21-22-февралдарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

19-февралда жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-февралда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-22-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-февралда күндүз жана 21-22-февралдарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-февралдарда Кыргызстандын шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/726