Грузия Россия менен чек арасын убактылуу жапты
RU

Грузия Россия менен чек арасын убактылуу жапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грузия жаандан улам Россия менен чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунун ишин убактылуу токтотту деп жазат ТАСС республиканын Каржы министрлигинин Киреше кызматынын сайтына таянып.

Ошентип, учурда аба ырайына байланыштуу "Казбеги" бажы бекетинин (КӨП) иши убактылуу токтотулду. Себеби, катуу жааган жамгырдан өткөрүү пунктуна баруучу жол бузулган.

Буга чейин 27-июнда Россия да аба ырайынын катаалдыгынан Грузияга барууга чектөө койгон. Владикавказдан Жогорку Ларс өткөрмө бекетине чейинки жолдо бардык унаалардын жүрүшүнө тыюу салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7270