Садыр Жапаров Нарынга 85 миң сомдук куртка кийип барды
RU

Садыр Жапаров Нарынга 85 миң сомдук куртка кийип барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Factcheck.kg басылмасы президент Садыр Жапаров Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кенине Италиянын MOORER брендинин курткасын кийип барганын жазып чыкты. Президент 27-июнда Нарын шаарында болуп, жергиликтүү тургундар жана инвесторлор менен жолугушту.

Белгиленгендей, бул бренд 2006-жылы Морено Фаччинкани тарабынан негизделген. Бренд өзүнүн жогорку сапаттагы кийимдери менен атактуу.

Анын баасы 1020 еврону же КР Улуттук банкынын курсу боюнча 85,8 миң сомду түзөт.

Эске салсак, ал үстүбүздөгү жылдын май айында Айт намазына баасы миң евродон бир аз ашкан куртка кийип келген.

2022-жылдын март айында Желек күнүн майрамдоодо 4 миң долларлык жаандан коргоочу куртка кийген.

2021-жылы күзүндө Садыр Жапаров базардагы сатуучулар менен жолугушууга 6 миң долларлык куртка кийип барган.

Ошол эле жылдын август айында Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусуна 10,5 миң долларлык Stefano Ricci костюму менен келген. Соцтармактарда президент менен анын жубайынын 105 миң сомдон ашык турган лыжа костюмдары да талкууга алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7296