Көлдүн жээгинде массалык мушташ болду. Видео
RU

Көлдүн жээгинде массалык мушташ болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сары-Ой айылындагы Радуга пансионатынын жээгиндеги массалык мушташтын видеосун black_list.kg аккаунту жарыялады.

Анда жээктеги жергиликтүү тургундар пансионаттын коопсуздук кызматы менен "разборка кылганын" жазган. Буга нааразы болгон видеонун автору президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштары жашаган пляждык аймактарга кирүүгө укук берилгени тууралуу" жарлыгын эске салды.

Видеодон башка эс алуучулар мушташтан улам пляждан качып чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын, кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7303