Көлдүн жээгинде зара кылып... Ысык-Көлдөгү массалык мушташтын себеби айтылды
RU

Көлдүн жээгинде зара кылып... Ысык-Көлдөгү массалык мушташтын себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатынын пляжында болгон мушташуунун чоо-жайы аныкталды. Мушташ көлдүн жээгинде зара кылган кишиге нааразычылыктан келип чыккан.

Мушташка катышкан 18 катышуучу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Окуянын катышуучуларынын айтымында пансионаттын меймандарынын бири көлдүн жанында зара кылып жатканда, аны жергиликтүү тургун байкап калып, эскертүү берген. Бирок, мейман эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада, мейман менен оозеки чыр чыгып, мушташка айланып кеткен. Ага эки тараптын адамдары кошула кеткен.

Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары уланууда.

Айрым жарандар бул окуяны президент Садыр Жапаровдун "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгы менен байланыштырышкан. Ал эми Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы бул окуя башка мүнөздө экенин жана жергиликтүү тургундардын пляж аймактарына кирүү укугу менен эч кандай байланышы жок экенин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7308