Эл Жапаровдон караганда Эрулан Кокуловго көбүрөөк ишенет. Саясатчылардын жаңы рейтинги
RU

Эл Жапаровдон караганда Эрулан Кокуловго көбүрөөк ишенет. Саясатчылардын жаңы рейтинги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Сурамжылоо 7-апрелден 20-апрелге чейин жүргүзүлгөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 1,5 миңге жакын адам катышы, жыйынтыгы кечээ, 28-июнда уюмдун сайтында жарыяланды.

Калктын жашоо шарты

Сурамжылоого катышкандардын 85%ы өлкө туура багытта баратат деп эсептешет. 70%ы өлкөнүн экономикалык абалы "бир аз жакшы" деп жооп беришкен.

Сурамжылоого катышкандар өлкөдөгү эң олуттуу көйгөй жумушсуздук жана кымбатчылык деп ойлошот. Андан тышкары коррупция жана суу маселесин да айтышкан.

Саясий кырдаал

Сурамжылоого катышкандардын 54%ы өлкөдөгү саясий кырдаалга канааттанса, 22%ы нааразы.

Сурамжылоого катышкандардын 47%ы карапайым эл өлкөдө кабыл алынган чечимдерге таасир эте алат деп эсептейт. Бул көрсөткүч мурунку изилдөөлөргө караганда бир аз жогору. Буга чейин 44%ы ушундай пикирде болчу.

Эң белгилүү беш партияга "Ата-Журт Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", Социал-демократтар кирди. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарында көбүрөөк таанымал. Баткенде "Ыйман Нуру" партиясы, Бишкек, Чүй жана Талас облустарында "Ата Мекен" партиясы алдыда.

Бирок, катышуучулардын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү көйгөйлөрдү эч бир партия чече албайт деп жооп беришкен.

Сурамжылоого катышкандардын көбү Садыр Жапаровго ишенет. Ал эми Камчыбек Ташиевге андан караганда эки эсе аз ишенишет. 2021-жылдагы сурамжылоого ылайык, респонденттердин 32 пайызы президентке, 24 пайызы Камчыбек Тайшевге ишенишкен.

Кызыгы аттуу-баштуу саясатчылардан Эрулан Кокулов озуп кеткен. Мисалы Акылбек Жапаров, Атамбаев, Текебаев, Бабанов, Акаевдерден караганда алдыда турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7306