Муз тийгизбеңиз. Күнгө күйгөндө эмне кылууга болбойт?
RU

Муз тийгизбеңиз. Күнгө күйгөндө эмне кылууга болбойт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күнгө күйүп, эми эмне кылуу керектигин билбей жатасызбы? Анда бул маалымат сиз үчүн.

Күнгө күйгөндө эмне кылганга болбойт?

  • Күйгөн жерлерге муз койбоңуз жана муздак сууга жуунбаңыз. Температуранын кескин төмөндөшү сезгентүүчү процессти тездетет.
  • Эгер ыйлаакчалар пайда болсо, ийне же башка учтуу нерселер менен жарбаңыз.
  • Терини курамында спирти бар заттар менен сүртпөңүз. Тери нымданууга муктаж болуп турган убакта, мындай каражаттар аны тескерисинче кургатат.
  • Териге зайтун, күн карама жана башка өсүмдүк жана жаныбардардын майларын сыйпабаңыз.
  • Жуунганда терини катуу жуунучу каражаттар менен жышып жуубаңыз.
  • Териңиз калыбына келмейинче күн алдына коргоочу нерсеси жок чыкпаңыз. Жабык кийимдер менен чыгыңыз.

Күнгө күйгөндө эмне кылыш керек?

  • Салкын сууга жуунуп, андан кийин нымдоочу кремдерди колдонуңуз.
  • Көбүрөөк суу ичиңиз. Себеби тери күнгө күйгөндө сууну теринин үстүнө тартып, дененин башка бөлүктөрүнө жетпей калышы мүмкүн.
  • Дене күнгө күйгөндө ага каршы каражаттарды колдонордон мурун дарыгерлер менен кеңешиңиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7309