Жапаров депутаттарды кайсы ресторанга чакырганы белгилүү болду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эс алууга чыгып жаткан депутаттарды чайга чакырды.
"Келгиле, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү бир столго чогулуп, чечилбей калган маселелерди талкуулайлы", - деди министрлер кабинетинин башчысы.
Жолугушуу бүгүн, саат 20:00до "Дасмия" ресторанында өтөт.
Эске салсак, өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга чыгуунун урматына Rixos Hall залында чоң той өткөрүшкөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7313