"Мага каршы чыккан кыз-келиндер тамеки чеккендер". Тайчабаровдун кезектеги посту
RU

"Мага каршы чыккан кыз-келиндер тамеки чеккендер". Тайчабаровдун кезектеги посту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров Facebook баракчасына кезектеги кыздарга тиешелүү пост жазды.

"Кокустан депутаттар улуттун келечеги үчүн кыргыз аялдарына тамеки чегүүгө тыюу сала турган мыйзам кабыл алабыз деген демилге көтөрсө дагы тепкилеп кетсеңер керек э?

Себеби, өткөндө мени тепкилеп чычалаган кыз-келиндердин көбү тамеки чегишет болчу. Дагы чычалап чыкпагыла. Башка жакты билбейм, бирок, Бишкектин жарымы эле тамеки чегишет", - деп жазган ал.

Далил катары ал тамеки чеккенин айткан кыздардын комментарийлеринин скриншотторун тиркеген.

Эске салсак, Тайчабаров буга чейин да Фейсбукта чуулгандуу билдирүү жарыялаган. Ал кыргызстандык кыздар чет өлкөлөрдө сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштешет деп эсептейт. Ошол акчага унаа, iPhone 13 жана батирлерди алышат деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7352