Өзгөчө абал киргизилип... Каракалпакстанда эмне болуп жатат?
RU

Өзгөчө абал киргизилип... Каракалпакстанда эмне болуп жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстандын жарандары кече Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдөн улам нааразылык акциясына чыгышты.

Ал өзгөртүүлөрдө Каракалпакстандын ички референдумдун негизинде Өзбекстандан бөлүнүп чыгуу укугун алып салуу жана мурдагы Баш мыйзамдагы "Каракалпакстан Эгемендүү Республика" деген бөлүм алып салынган.

Маалыматтарга караганда акциянын активдүү катышуучуларын милиция кармалып кеткен. Интернетте Каракалпакстандын аймагына Куралдуу күчтөрдүн аскердик техникасы кирип жатканы тууралуу видеолор пайда болгон. Ошондой эле Каракалпакстандын бир катар аймактарында интернет иштебей калганы айтылууда.

Ал эми Каракалпакстандын бийлиги "мамлекеттик органдарды басып алуу аракети болгонун" билдирген.

Жергиликтүү басылмалар нааразылык акцияларынан улам бир айга өзгөчө абал киргизилгенин кабарлашты. Кечки саат тогуздан эртең мененки саат жетиге чейин коменданттык саат жарыяланды. Каракалпакстанга кирип-чыгуу жабылып, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

Белгилей кетсек, Каракалпакстан Өзбекстандын ичиндеги автономдуу республика. Калкынын саны 2 миллионго жакын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7361