Үй-бүлөдөгү уруштун айынан боюун жардан таштап, өлүүгө аракет кылган адамды куткарышты
RU

Үй-бүлөдөгү уруштун айынан боюун жардан таштап, өлүүгө аракет кылган адамды куткарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-февралда, Бишкекте өзүнө-өзү кол салган адам куткарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы билдирди.

Милицига болжол менен саат 10:00до телефон чалуу келип түшкөн. Анда "Ак-Ордо" жаңы конушунунда бир адам жардан секирип, өзүн өлтүрүү аракетин көрүп, учурда ал жерден чыга албай жатат, деп маалымат берилген.

МККБнин жана ӨКМдин кызматкерлери окуя болгон жерге келип, 27-жаштагы эркек кишини куткарышты. Көрсө ал, үй-бүлөдөгү уруштан кийин өзүнө-өзү кол салууну чечиптир. Катуу жыгылгандыктан жаракат алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/736