"ЭЛКАРТ Pay" – смартфон аркылуу сатып алууларды жасаңыз!
RU

"ЭЛКАРТ Pay" – смартфон аркылуу сатып алууларды жасаңыз!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Финансы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу алкагында, өлкөнүн финансы рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандар жана ишкерлер үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн , ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемесинде контактсыз төлөм үчүн жаңы функцияналы - ЭЛКАРТ Pay ишке киргизилгендигин жарыялайт.

ЭЛКАРТ Pay деген эмне?

ЭЛКАРТ Pay - бул, контактсыз смартфон аркылуу төлөө, башкача айтканда сатып алуучулар үчүн контактсыз төлөө шарты каралган POS-терминалдардан* төлөө ыңгайлуулугу.

Демек, идентификациядан өткөн ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемесинин колдонуучулары 2022-жылдын 1-июлунан тартып өз смартфону аркылуу, төлөм картасын же акчасын колдонбой, колундагы телефон аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

ЭЛКАРТ Pay функционалынан пайдалануу үчүн:

Эгерде, ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесине туташтырылбаган болсо:

  • NFC (ОС Android 6.0.1 жана андан жогору) колдоого алган смартфонго ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемесине Google Play Marketтен көчүрүп алыңыз;
  • Тиркемеден каттоодон жана аралыктан туруп идентификация өтүнүз;
  • Өзүнүздүн ЭЛКАРТ картын ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесине туташтырыңыз;
  • ЭЛКАРТ картын токендештириңыз;
  • Смартфонуңузда контактсыз төлөө функциясын кошуңуз;
  • ЭЛКАРТ Pay колдонууга даяр.

Эгерде ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесине буга чейин эле туташтырылган болсо:

  • - ЭЛКАРТ картын токендештириңиз;
  • Смартфонуңузда контактсыз төлөө функциясын кошуңуз;
  • ЭЛКАРТ Pay колдонууга даяр!

Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерди так аткаргандан кийин жаңы ыкмада төлөөнү ишке ашырууга мүмкүн болот! Төлөөнү жүргүзүү үчүн телефонду бөгөттөн (блоктон) чыгарып, POS-терминалга тийгизүү гана жетиштүү.

Мындан тышкары, ЭЛКАРТ Мобайл тиркемеси аркылуу банктардын ЭЛКАРТ карттары ортосунда (телефон номери, карт номери, QR коду аркылуу) акчалай которууларды жүзөгө ашыруу, ЭЛКАРТтан кардарлардын банктардагы эсептерине эч кандай комиссиялык төлөмсүз акча которуу, жана ошондой эле эмгек акынын түшкөндүгүн же пенсиянын чегерилгендигин өз учурунда билип, мобилдик телефон балансын толуктап, 400дөн ашуун кызматтарды, анын ичинде коммуналдык жана банктык кызматтарды төлөө ыңгайлуулуктары каралган.

Банктар аралык процессинг борборунун күнү-түнү иштеген колдоо кызматына +996 312 63 76 96 / +996 312 63 76 97 / +996 505 63 76 96 (WhatsApp, Telegram) телефон номерлери боюнча кайрылып, жогоруда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча кошумча маалымат алууга болот

"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан 2015-жылдын 12-майында алган №2001120515, 2020-жылдын 20-февралындагы № 3030200220 лицензиялардын негизинде төлөм системасынын жана төлөм уюмдарынын операторунун ишин жүзөгө ашырып келет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан биргелешип иш алып баруу оператору катары каттоодон өткөн (2020-жылдын 28-февралында № 6001280220.).

"Глобус" жана "Народный" соода түйүндөрүндөгү POS терминалдар KKM функциясы менен, ЭЛКАРТ Pay аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү 2022-жылдын июль айынын аягына чейин ишке киргизилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7373