Курбусунан токмок жеген кыз каза болгону айтылууда. ИИМ муну четке какты
RU

Курбусунан токмок жеген кыз каза болгону айтылууда. ИИМ муну четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Жалал-Абадда курбусуна сабалган кыз каза болду деген билдирүү тарады. Бул маалымат менен бирге өлтүрүлгөн делген кыздын видеосу да жөнөтүлгөн.

Эске салсак, буга чейин мэриянын жанындагы борбордук көчөдө бир кыз курбусунун чачынан кармап жерге сүйрөгөн видео пайда болгон. Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы окуя 7-июнда болгонун, видеодогу кыздар дос экенин билдирди.

Белгилей кетчү нерсе ушул жылдын май айынын аягында Сузак районунда эркек киши аялын катуу сабап, анын кесепетинен аял каза болгон. Бул маалыматты Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7377