"Ак-Кула" ипподромунун ордуна футбол стадиону курулат, деген имиштерди мэрия төгүндөдү
RU

"Ак-Кула" ипподромунун ордуна футбол стадиону курулат, деген имиштерди мэрия төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ак-Кула" ипподромун шаардын сыртына чыгарып, анын ордуна футбол стадионун куруу маселеси көтөрүлгөн эмес. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматы маалымат берди.

Мэрия билдиргендей, ипподромдун азыркы абалына авариялык деген баа берилген. Ат-майдан 1947-жылы КРдин эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусовдун проектиси менен салынган. Имараттын жана курулуштардын техникалык абалы учурдагы нормаларга дал келбейт жана шаардыктар үчүн коопсуз болуп саналбайт. Мындай объектини эксплуатациялоого болбойт, ал эми реставрация кылуу же реконструкция жасоо мүмкүн эмес.

Өткөн жылы "Ак-Кула" ипподрому республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик статусун жоготту, деп табылган. Азыркы ат-майдан бузулуп, анын ордуна жаңысын салуу чечими кабыл алынган.

"Ак-Кула" жаңы ипподромун проектилөөгө тендер эки жыл мурун жарыяланган бирок, катышуучулар жок болгондуктан эки сынак тең ишке ашкан жок.

Андан тышкары Бишкектин мэриясы "Ак-Кула" ипподромун куруу үчүн катышуучуларды кызыктыруу боюнча конкурс жарыялаган.

Ипподромдун аймагы 57,4 га, анын ичинен 55,8 га шаардын балансына өткөрүлгөн. Ал эми калган бөлүктөрү боюнча соттук теришитүү жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/737