Жигитин тамашалаш үчүн "мени ала качты" деп милицияга чалган кыз кармалды
RU

Жигитин тамашалаш үчүн "мени ала качты" деп милицияга чалган кыз кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"102" кызматына "кызды ала-качып кетти" деп пранк кылып чалган жарандар кармалды.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган Б.А. аттуу жаран милицияга 4-июлда Ак-Босого жаңы конушунан кызды унаага салып уурдап кетти деп билдирген.

Ошол эле күнү "план перехват" аталышындагы атайын ыкчам операция киргизилип, Калыс-Ордо конушунан "Лексус" үлгүсүндөгү унаанын 1999-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусу эки иниси менен кармалган.

Тергөө учурунда "уурдалды" деген кыз жигитин тамашалап, "102" кызматына өзү чалгандыгын тастыктаган.

Кармалган жарандарга укук бузуулар кодексинин 132-беренесине (милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам өңдүү адистештирилген кызматты билип туруп жалган чакыруу) ылайык чара көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7386