Чикагодо майрам учурунда ок атышуу болуп, алты адам каза болду. Видео
RU

Чикагодо майрам учурунда ок атышуу болуп, алты адам каза болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда Чикагонун четинде атышуу болуп, алты адам каза болду. Окуя биздин убакыт менен алганда бүгүн түнү, парад өткөн аймакта болгон. Бул тууралуу полициянын билдирүүсүнө таянып CNN билдирди.

Маалыматтарга ылайык, кеминде 20 киши жараат алды. Милиция шектүүнү издеп жатат - алардын маалыматы боюнча 18-20 жаштардагы адам болушу мүмкүн. Ал чатырдан ок чыгарган деп шектенип жатышат. Ок атышуу болгон жерден курал табылган.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, Хайленд-Парктагы парад башталгандан он мүнөттөн кийин бир нече жолу ок атылган. Күбөлөрдүн бири 20дан 25ке чейин ок атуунун үнүн укканын айтты. Майрам токтотулуп, мэр элди үйлөрүнөн чыкпоону суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7390